• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркмөнабадда студент кыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү

30 Жетинин айы 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

26-ноябрда Түркмөнабад шаарындагы батирлердин биринде студент кыздын сөөгү табылды. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын полициядагы өз булагы билдирендей, кыз алгач зордукталып, андан соң көөдөнүнө беш жолу бычак жеген.

Маалыматка караганда, кыз батирде апасы менен турган жана жогорку окуу жайлардын биринде үчүнчү курста окуган.

Кылмыш жасалган маалда апасы жумушта болгон.

Полициядагы өз булак кылмышкерди издөө иштери натыйжа бербей жатканын билдирди.

Быйыл июль айында Дашогуз шаарында ушундай эле оор кылмыш катталган. 19 жаштагы студент кызды кошунасы балта менен чаап өлтүргөн.

Количество просмотров: 5277