Түркмөнстанда Кадыр түнгө карата мунапыс жарыяланып, камактагы 514 киши эркиндикке чыкты. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Сердар Бердымухамедов кол койду.
Абактан чыккан адамдардын аты-жөнү жарыяланган жок. Бирок расмий билдирүүдө алар «кылган иштерине өкүнүчтөрүн билдиргени» жазылган.
Түркмөнстандын абактарында камактагылар өтө көп экени айтылып келет. Түрмөлөрдү изилдөө боюнча эл аралык борбордун маалыматына ылайык, ар бир 100 миң адамга карата камактагылардын саны боюнча Түркмөнстан АКШ менен Сальвадордон кийинки 3-орунда турат. 2017-жылдын аягында жарыяланган маалыматка караганда, түркмөн абактарында 30 452 адам бар болчу.