• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Түркмөнстанда дарыгерлерге чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынды

28 Үчтүн айы 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Ашгабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефондорун башкы дарыгерге өткөрүп берүүгө же үйлөрүнө таштап келүүгө милдеттендирилди.

Буга чейин Түркмөнстанда окуу жайларда да чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынган.

Мобилдүү телефон колдонууга чектөө киргизилгени тууралуу ата-энелер жыйналышында айтылган. Анда телефон балдарга тарбия берүүдө терс таасирин тийгизип жатканы белгиленген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы мектептерде окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынганын маалымдаган.

Түркмөн бийлиги калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү улантууда.

Количество просмотров: 108