• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркмөнстанда мамкызматкерлер театрга барууга милдеттендирилди

11 Бештин айы 2019 9:54 Бишкек Govori.TV

Түркмөнабад шаарында мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери спектаклдерди көрүү үчүн Сейитназар Сейди атындагы мамлекеттик драма театрына барууга милдеттендирилди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, көрүүчүлөр 20 манаттык билеттерди сатып алышат. Мындан тышкары бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен дресс-кодду сактоо жана белгилүү бир түс менен фасондогу жаңы кийим сатып алуу талап кылынууда.

Редакциянын кабарчысынын айтымында, аялдардын көйнөгү 200 манат, эркектердин костюму 800 манат турат. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 3,5 манат 1 долларга бааланат.

Бул арада спектакль көрүү үчүн аймактардан келген кызматкерлер кайра үйлөрүнө кайтууда кыйынчылыктарга туш болушууда. Кечкисин автобус каттабайт, көбү мейманканаларда түнөөгө аргасыз.

Түркмөнстанда театр жана кино үчүн билеттерди мажбурап сатуу тажырыйбасы кеңири жайылган.

Количество просмотров: 63