• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркмөнстанда профессионалдык укуктарын коргоп жүргөн дарыгер уурдалды

19 Теке 2021 17:42 Бишкек Govori.TV

16-июль күнү кечинде Түркмөнстандын Гёкдепе шаарындагы «Эне мяхри» деген перинаталдык борбордун мурдагы башчысы Хурсанай Исматуллаеваны белгисиз кишилер үйүнөн күчтөп алып кетишти. Бул тууралуу көз карандысыз Turkmen.news. басылмасы кабарлады.

Исматуллаева 2017-жылы бейтаптардан пара алуудан жана аларды керексиз текшерүүлөр менен операцияларга жөнөтүп туруудан баш тартканы үчүн кызматтан алынган. Ал андан бери иштен мыйзамсыз алынганын далилдөөгө аракет кылып келген.

Хурсанай Исматуллаева анын иши тууралуу Европа парламентинин депутаттары уюштурган “Борбор Азиядагы басым көрсөтүү тажрыйбасы: укук коргоочулардын үнү” деген онлайн-жолугушууда айтылгандан кийин кармалууда.

Түркмөнстанда жашоо-шартын жакшыртуу өтүнүчү менен бийликке кайрылган жарандар буга чейин да басымга кабылган, айрымдарын күч менен үйлөрүнөн алып кеткен учурлар катталган. Алардын арасында таза суу жетишсиз экенин айтып чыккан пенсионерлер Какабай Теженов менен Амангелен Шапудаков, саясий партия түзүүнү каалаган мугалим Сазак Дурдымырадов бар. Алар уурдалып, жалган даттануулардын негизинде психиатриалдык ооруканага жаткырылган.

Бул адамдар кийинчерээк эл аралык уюмдар менен батыш өлкөлөрүнун басымынан кийин бошотулган.

Количество просмотров: 121