• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түрмөдө кыйноо көрсөткөндөр жазасыз калбашы үчүн эмне кылуу керек?

19 Чын куран 2023 17:16 Бишкек Govori.TV

18-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 2022-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасын уккан.

Жыйында баяндама жасаган аталган борбордун директору Бакыт Рысбековдун айтымында 2023-жылдын январь айына карата Улуттук борбордун сунуштамаларынын 71%ы аткарылуу процессинде болсо, 3%ы аткарылып, 5%ы жарым-жартылай аткарылган. Ал эми сунуштамалардын 20% аткарыла элек. Ошондой эле баяндамада Улуттук борбордун бир катар сунуштамалары жылдан жылга аткарылбай келе жатканы белгиленди.

Ошону менен бирге, убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө камак мекемелеринде отурган адамдарга карата кыйноолорду, физикалык зомбулукту же психологиялык басымды колдонуу маселеси дагы эле курч көйгөй бойдон калып жатканы белгиленген.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселе тууралуу өз пикирлери менен бөлүшүп, кыйноолорду алдын алуу ишинде системалуу иш алып баруу керектигин айтышат.

Толугу менен төмөндөн көрө аласын:

Количество просмотров: 67