• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түрмөлөргө баңгизат ташыган шектүү кармалды

11 Жалган куран 2024 16:56 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Жаза аткаруу кызматы менен бирге абак жайларында текшерүү жүргүзүп, кара куурай баңгизаттарды таратуу менен алектенген каналга бөгөт койду.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районунда атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган С.Ж. аттуу «Тойота Королла» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу токтотулган. Унааны текшерүү учурунда алдыңкы оң жагындагы отургучтун астынан өзгөчө жыты жашыл түстөгү скотч менен оролгон, 3 түрмөк кара куурай табылып, алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 3 кг 100 граммды түзгөн кара куурай чайыры «гашиш» болгон.

С.Ж. аттуу шектүү узак убакыт бою түзөтүү мекемелеринин аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу менен алектенгени аныкталды. Азыркы учурда Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүү уланууда.

Количество просмотров: 215