Бишкек.20.12.2018.Govori.TV
2018-жылдын 10-декабрында Чүй облусунун Бурана айылында 1 жарым жаштагы наристени сары баштыктагы кийимдери менен кошо аялдамага таштап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Бирок баланы ким таштаганы, саат канчада таштаганы белгисиз болуп келген.
Маалыматка ылайык, 1 жарым жашар бала аялдамага ташталганына он күндөн ашкан. Наристе буга чейин Чүй облустук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүндө каралып келген. Аны арадан он күн өткөнүнө карабай эч ким издеп келбегени буга чейин маалым болгон.
Бүгүн, 20-декабрда таштанды болгон баланын ата-энесинин өздүгү такталып, аныкталды. Апасы Камбалаева Аида, 1995-жылы туулган Ысык-Ата районунун тургуну. Атасы Чыңгыз Сүйүнбаев, 1989-жылы туулган Бурана айылынын тургуну экени белгилүү болду.
Энеси бул убакка чейин баланын өздүгүн тактоочу документ бере элек.
Учурда ата-энесине чара көрүү максатында документтер чогултулуп наристени Токмоктогу балдар үйүнө жайгаштыруу маселеси каралууда.