Бүгүнкү күндө түштүк аймагына дарыгерлердин мобилдүү тобу жөнөтүлүп жатат. Алардын жалпы саны 14-15 дарыгер, реаниматологдор, пульмонологдор жана эпидемиологдор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов брифинг учурунда билдирди.
«Бизде коронавирус менен күрөшкөн медицина адистери жетиштүү. Андан сырткары, биз профилактика жүргүзүү максатында башка профилдеги адистерибизди кошумча окутуп жатабыз. Мындай окутуулар эл аралык тажрыйбада дагы колдонулат. Бизде 42 – пульмонолог, 267 – эпидемиолог, 644 – реаниматолог бар», — дейт К.Мамбетов.