• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктургандардын саны 82ге жетти

20 Бирдин айы 2020 15:05 Бишкек Govori.TV

Түштүк Кореяда «COVID-2019» атындагы коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 82ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министринин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, Кёнсан-Пукто провинциясында жана Тэгу шаарында илдетти жуктурган дагы 30 учур аныкталды. Ошондой эле Сеулда дагы бир адам ооруну жуктурган. Илдетти жаңы жуктурган 23 адам буга чейин коронавирусту жуктуруп алгандар менен бирге чиркөөдө жакын байланышта болгон.

Ал эми Сеулда коронавирусту жуктурган 61 жаштагы аял киши болгон. Ал буга чейин Кытайга барган эмес, аны менен бирге, ооруган адамдар менен байланышта да болгон эмес. Бирок, 61 жаштагы жаран текшерүүдөн өткөндө оорунун белгилери аныкталган. Учурда ал карантинде болууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түштүк Кореяда 16 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 66 адам дарыланууда жана 1633 жаран текшерүүдөн өтүүдө.

Количество просмотров: 139