Бишкек.17.07.2019. Govori.TV
16-июлда саат 16:45те Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Анын очогундагы күчү 6 баллга жеткенин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Баткендеги Сары-Отек айылынан түштүк-чыгышка 10 чакырымда, Айдаркен айылынан түштүк-чыгышкан 20 чакырымда, Баткен шаарынан чыгышка 38 чакырымда жайгашты.
Жер титирөөнүн күчү: — Сары-Отек, Совет, Кызыл-Коргон, Шуран, Айдаркен, Сур, Ормош, Жаңы-Коргон айылдарында 5 баллга;
— Баткен шаарында, Кадамжай районунда, Бужум, Боз-Адыр, Кара-Булак, Булак-Башы, Согмент, Газ, Кыштут, Тескей, Кара-Шоро, Орозбеков, Гайрат, Кызыл-Булак, Таш-Кыя, Чуңкур-Кыштак, Кыргыз-Кыштак айылдарында 4 баллга;
— Кызыл-Кыя шаарында, Лейлек, Кара-Суу, Рават, Самаркандек, Борбаш, Берик-Суу, Табылгы, Кайыңды, Жаңырык, Сары-Талаа, Тунук-Суу, Кан, Жоо-Пая, Чаувай, Найман, Кара-Отек, Беш-Буркан, Жаңы-Ноокат, Кызыл-Булак, Караван айылдарында 3 баллга;
— Ош шаарында, Ноокат, Жапалак, Гүлбахор айылдарында 2 баллга чейин сезилди.