• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Түтүндүү шаардын көйгөйүн эми БУУ чечеби?

13 Бештин айы 2022 17:56 Бишкек Govori.TV

Адистер суук түшүп, жылуулук убагы башталары менен Бишкекти түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан өтө эле ашыкча жогорулап кеткенин айтышууда. Борбордун тургундары кирдеген аба менен дем алып жатканын сезеби? Өздөрүнөн сурап көрөлү.


Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин адистери ыштын айрыкча жаш балдарга, улгайгандарга жана кош бойлууларга ошондой эле өнөкөт оорулары барларга коркунучалып келерин айтып, андан сактануунун жолдорун белгилешти.


Бишкекти түтүн быйыл эле каптаган жери жок. Андыктан ар жылы кыш мезгилинде ыш каптабашы үчүн тиешелүү тарап, «эмнеге кам көрбөйт?» деген суроо жаралат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ыш көйгөйүн чечиш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) 6 млрд. 700 млн. доллар гранттык жардам сурады.


Мындай жагдайга социалдык тармактын колдонуучулары, жада калса түтүн үчүн башка жактан каражат алуу туура эместигин сынга алып, аны жоюуга аракеттене турган өкмөт барбы деген пикирлерин жазышууда.


Мындай сын-пикирге министрлер кабинетинен да президенттин аппаратынан да маалымат алалган жокпуз. Бул тууралуу «тиешелүү министрликке кайрылсаңар туура болот»,-деп өздөрүнөн жоопкерчиликти алыстатып коюшту.


Буга чейин каржы министрлиги түтүндү кетирүүгө акча бөлдү беле? Учурда өзүбүздө каражат жокпу деген суроого бир күн кечке жооп таба алышкан жок.
Жыйынтыктап алганда бул маселени чечүүдө бир гана өкмөт эмес, түтүнсүз жашагысы келген ар бир жоопкерчиликтүү экендигин эске алышы керек.

Количество просмотров: 155