• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарындын ырга салынган көйгөйлөрү, жетекчиликтин жообу…

25 Кулжа 20259:35 Бишкек Govori.TV

Интернетте жергиликтүү акындын Нарындагы көйгөй тууралуу ыры социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Анда Нарын облусундагы социалдык көйгөйлөрдөн баштап, жол курулушу, жергиликтүү бийликтин элге мамилеси баяндалып, Кыргызстандагы башка аймактарга көңүл бурулганы менен Нарын унутта калып жатканы айтылган.

Бул ырдын интернетке чыгышы менен социалдык тармактарда талкуу күч алып, Нарын облусундагы чечилбей келаткан көйгөйлөрдү тизмектеп жазгандар көбөйдү.

Талкуулардан соң Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирүү таратып, учурда Нарын облусу боюнча 9,5 миллиард сомдук иштер жасалып жатканын, жол салуу, социалдык обьектилер, администрациялык имараттар, ирригация системасы боюнча иштер жүрүп жатканын жазган. Ал эми Курулуш министри Нурдан Орунтаев да Нарын облусу каралбай калды деген пикирлерди четке кагып, бул аймакта жүрүп жаткан иштердин тизмесин Фейсбукка жазды.

Мындан көп өтпөй Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов облуста жүрүп жаткан экономикалык өзгөрүүлөр, ири долбоорлор жана инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине айтып берген.

«2018-жылдары Солтон-Сарыдагы “Бучук” алтын кениндеги кытайлык Zhong Ji Mining Company компаниясынын иши токтотулган эле. Буга көп факторлор себеп болгон. Бул маселеге кайра кайрылып, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп отуруп, кендин ишин кайрадан жандандырдык. Бул компания төлөп жүргөн социалдык пакет мурун 2 млн 600 миң сом болсо, кийинки жолку келишинде 3 жылдын ичинде 50 млн сом болду. Башкача айтканда 20 эсеге көбөйдү. Компания бүгүнкү күндө республикалык жана жергиликтүү бюджетке да чоң көлөмдөгү салыктарды төлөп, ал элдин муктаждыктарына жумшалууда. Муну менен бирге жумуш орундары да түзүлдү. Соода-сатык, дүкөндөрдүн иши жанданды. Бул жергиликтүү бюджетке түшкөн салык аркылуу байкалууда. Жогоруда аталган кендин жанында “Кыргыз алтындын” кени бар. Ал жерде Индиядан келген инвесторлор аба ырайынын оор жана татаал шарттарына карабастан иш баштайбыз деп жатышат. Андан сырткары Жумгал районунун Миң-Куш аймагындагы көмүр кенин “АГУЛАК” МИси инвестордун жардамы менен иштей баштаган. Былтыр анда 2 млн 232 миң тоннага чейин көмүр казылыптыр. 500 миң тоннасы кошумча казылды. Биринчи жолу 2 миң тоннадан ашык көмүр экспортко чыкты. Ак-Талаа районундагы “Ак-Талаа Көмүрү” мамлекеттик ишканасы иштетип жаткан Турук кени иштетилүүдө Былтыр мекеме 23 миң тонна көмүр казды. Буга чейин мынчалык көмүр казылган эмес. Учурда материалдык-техникалык базасын жаңылап жатышат. Ошондой эле тышкы инвестициянын эсебинен “Тянь-Шань Сити” турак жай комплекси курулууда. Анын ичине административдик имарат, башкача айтканда 1,5 миң чарчы метрди түзгөн калкты тейлөө борбору курулат. Мында көпчүлүк мамлекеттик кызматтар бир жерге жайгашып, элге кызмат кылганга ыңгайлуу болот. Буга чет элдик инвестор тарабынан 3 миллиард сомдон кем эмес каражат тартылды. Азыркы учурда ал жерде 90 адам иштеп жатат. Мурда ӨКМдин Нарын облусундагы башкармалыгынын көчмө механикалык отряды бар болчу. Ал кийинчерээк жоюлуп кетип, ал жерде иш токтоп калган экен. Мына ошол объект ишке киргизилди. Аны “Нарын курулуш” деп атаганбыз. Ал курулуштарга инерттик материал чыгарган завод болду. Жасап жаткан курулуш көлөмү жарым миллиард сомго жетип калды. Учурда өзүн өзү тейлөөдө», — деген ал.

Количество просмотров: 251