• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түз эфир: «Америка ыры» сынагы өтүп жатат

25 Кулжа 2023 18:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-июнда Бишкекте «Америка ыры -23» сынагынын финалдык гала-концерти өтүп жатат.

Сынакка Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облусунан катышуучулар келген. Алгачкы ачык сынакка 700 ашуун видеоматериал келип түшкөн. Тандоо жана жарым финалдык турдан кийин ар бир облустан бештен финалист аныкталган. Алар финалдык-гала концертте  Америка Элчилигинин  жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен  кесипкөй аткаруучу  кирген  калыстар тобуна  өз өнөрүн тартуулашмакчы.

Жыйынтыктоочу гала-концертке 20 финалист катышат ошондой эле АКШ элчиси Лесли Вигери куттуктоо сөзү менен кайрылат жана сынактын меймандары сүйлөйт, андан соӊ сыйлык ыйгаруу аземи өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, «Sun People» Коомдук фонду Америка ыры сынагын Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин финансылык колдоосу менен он жылдан ашуун убактан бери уюштуруп келет. Сынактын жүрүшүндө орто мектептердин окуучулары америка ырларын англис тилинде ырдашып  финалдык гала-концертке катышуу үчүн тандоо турларынан өтүшөт. Программа кыргыз жаштарына англис тилин үйрөнүүгө дем берет жана англис тилин үйрөтүүдө чыгармачыл ыкмаларды жайылтат.

Количество просмотров: 106