• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: «Ата Мекен» партиясы шайлоонун жыйынтыгын кандай кабыл алды?

28 Жетинин айы 2021 20:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктап, эртең менен саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелери жабылды. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

БШКнын саат 18:00гө карата маалыматы боюнча, добуш берүүгө 1 миллион 50 миң 163ү, же 28,36%ы катышты. Жалпысынан жарышка бир мандаттуу округдар боюнча 282 талапкер жана 21 партия катышты.

Ушу тапта добуштарды автоматтык саноочу урна эсөптөөдө, ага ылайык:

«Ата Журт Кыргызстан» — 28,97%;
«Ишеним» — 24,04%;
«Ынтымак» — 20,64%;
«Альянс» — 14,44%;
«Бүтүн Кыргызстан» — 11,13%;
«Ыйман Нуру» — 10,17%;
«Эл үмүтү» — 8,89%;
«Азаттык» — 7,89%;
«Ата Мекен» — 6,43%;
«Социал-демократтар» — 6,31%.

Белгилей кетсек, автоматтык саноочу урнанын эсөптөөс унөн соң кол менен саналып, акыркы расмий жыйынтык 18-декабрга чейин жарыяланат.

Количество просмотров: 6313