• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Билим берүү министрлигинин алдына ата-энелер чогулду

27 Теке 2022 10:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июлда Билим берүү министрлигинин имаратынын алдына 20дан ашык ата-энелер тынчтык акциясына чогулушту.

Топтолгондор мектеп директорлорун кызматтан алуу, андан кийин сынак аркылуу тандоо коррупцияга жол ачат деп эсептешет жана бул механизмди кылдаттык менен кайра карап чыгууну талап кылышты. Арасында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери бар.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана башкалар ата-энелердин суроолоруна жооп берип, директорлорду тандоо жол-жобосу тууралуу кенен маалымат беришти.

Количество просмотров: 2184