Бүгүн Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамга карата шаар бийлиги бир катар маданий, спорттук жана башка иш-чараларды уюштурган.
Шаар күнүн майрамдоо саат он бирде Бишкек баатырдын эстелигинин жанында ардактуу шаар тургундарына арналган саамалык менен башталды. Ага Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, вице-мэрлер Жамалбек Ырсалиев жана Виктория Мозгачевалар катышып жатат.
Кечки жетиден баштап Ала-Тоо аянтында калаанын 144 жылдыгына арналган чоң концерт болот. Бул күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, айрым көчөлөр жабылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын баш калаасы 1878-жылдан 1926-жылга чейин Пишпек деп аталып келген. 1926-1991-жылдары Фрунзе деп өзгөргөн. Эгемендикти алгандан бери борбор калаа Бишкек баатырдын ысымын алып жүрөт.