ЖЭБде болгон авариядан 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов бүгүн, 2-февралда өткөн маалымат жыйында билдирди.
«Саат түнкү үчтөр чамасында ЖЭБде авария болду. 3 кызматкер жабыркады. Азыркы учурда ооруканада дарыланып жатат. Айрым аймактарда ысык суу берүүгө чектөө киргизилди. Ыкчам штаб түзүлүп, авариянын келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Калаадагы мектептер онлайн окууга өтүштү. Кыска мөөнөттө тактап айтканда 2-3 күн аралыгында калыбына келтирилет», — деди ал.
Керимов жаралган ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.
Кошумчалай кеисек, Жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы оор, реанимацияда. Маалыматка ылайык, өткөн түнү ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми бир адам күйүктөр бөлүмүндө. Анын абалы туруктуу. Эки адам болсо текшерүүдөн соң үйлөрүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.