• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түз эфир: Бишкекте Орусияны колдоо митинги өтүп жатат

22 Жалган куран 2022 14:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде Орусияга тилектештик билдирген акция өтүп жатат. Катышуучулар Кыргызстан менен Орусиянын желегин көтөрүп, «Биз Путин үчүн», «Фейкке каршыбыз» деген жазууларды кармап турушту.

Митингге 50дөн ашуун адам келген. Алардын арасында жарандык активисттер, шаар тургундары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Евгения Строкова, саясат талдоочу Токтогул Какчекеев, саясий серепчи Бакыт Бакетаев бар.

Буга чейин калаада Украинага тилектештик билдирген акциялар бир нече жолу өткөн. 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы операцияга каршы пикетке чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасуловаларды милиция кармап, сотко жеткирилген. Укук коргоочулардын иши бүгүн Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Количество просмотров: 817