Бүгүн, 29-октябрда болжол менен саат 13:10 чамасында Бишкек шаарынын кээ бир бөлүгүндө электр жарыгы өчтү.
Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын маалымат кызматы маалымат таратып, жогорку вольттогу подстанциянын чыңалуусу жок болуп кеткендиктен, калаа жарыксыз калганын билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкектин бир бөлүгү башка линияга кошулду. Калаанын чыгыш бөлүгүнө да жакынкы аралыкта электр жарыгы берилет.
Учурда электр жарыгын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Кошумчалай кетсек, Бишкектин «Чыгыш-5», «Аламүдүн-1», «Туңгуч», борбордун түштүк кичи райондорунда, ЦУМ, филармония, Политех, «Түштүк-2», Төмөнкү Ала-Арча жакта жарык өчкөн.