• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: БШКда НДПК партиясын шайлоодон четтетүү маселеси каралууда

24 Чын куран 2021 0:35 Бишкек Govori.TV

Азыркы тапта Борбордук шайлоо комиссиясы НДПК партиясын шайлоодон четтетүү маселесин карап жатат. Боршайкомдун алдына 100дөн ашуун адам чогулган.

Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болгон.

Шаардык кеңешке шайлоодо НДПКнын тизмесинин сап башында турган Илим Карыпбеков добуш сатып алуу тууралуу дооматтарды четке кагууда.

НДПК Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген. 

Теги:
Количество просмотров: 130