Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт. Электр энергиясынын баасы эмнеге кымбаттайт? Энергетика жана өнөр жай министри Кубаныч Турдубаев маалымат берип жатат.