Акыркы жылдары калааны карпаган кара тутун маселеси коомчулуктун көңүл чордонунда.
Адистер абанын булганышы бир гана өпкө ооруларына алып келбестен, ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратып, көк боор, ашказан, өт сыяктуу органдардын ишин бузарын айтып келишет.
Акыркы мезгилде кыш келери менен абанын булганганы Бишкек үчүн адаттагы көрүнүш болуп калды. Калааны каптаган кара түтүндүн чыгуусу кышкысы жагылган көмүрдүн, сапатсыз унаа майынын кесепетинен болуп жатканы айтылып келет.