Бүгүн, 24-январда Токмок шаарындагы соодагерлер жаңы Салык кодексине каршы митингге чыгышты. Алар учурда өкмөт үйүнүн алдында турушат. Соодагерлер кассалык аппараттардын коюлушуна каршы болушууда.
«Биз ансыз деле салык төлөйбүз. Патент үчүн, имараттын ижара акысын дагы төлөйбүз. Бул акыйкатсыздык, ККМ менен иштөө талабы жокко чыгарылсын», — дешти митингчилер.