• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Түз эфир: Кемпир-Абад, сөз эркиндиги, камоолор. Бишкекте митинг өтүп жатат

17 Жалган куран 2023 10:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Горький паркында Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын жакындары митингге чыгышты.

Жүздөн ашуун жаран катышкан акцияда «Мыйзамсыз камоолорго каршы!», «Сөз эркиндиги үчүн», «Көз карандысыз сот үчүн», «Адилеттүү бийлик үчүн», «Тын чогулуштарга тыюу салууга каршы» деген сыяктуу ураандар айтылды.

Камакта жаткан Улукбек Маматаевдин апасы уулунун боштондугун талап кылды.

«Мен Кемпир-Абад иши боюнча камалган Улукбек Маматаевдин апасы болом. Кечээ, 15-мартта, менин уулум түнү менен кыйналып, анан шашылыш түрдө ооруканага жеткирилип, операция болду. Менин кайрылганымдын себеби, уулумду үй камагына чыгарып бергиле. Мекенин коргойм деп 30дай киши камалып кетти. Жарым жылдан бери бир дагы далил таба албай бейкүнөө адамдарды камап отурушат. Макул, тергөө улана берсин. Бирок үй камагына чыгарып койгула. Эч жакка качып кетпейт. Бул күндөр да өтөт, бирок уулумдун ден соолугун эч ким кайтарып бербейт. Президент Садыр Жапаров, сиз өзүңүз ушундай оор күндөрдү башыңыздан өткөрдүңүз. Андыктан ишке акыйкат карашыңызды талап кылабыз»,-деди ал.

Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Количество просмотров: 126