Токмоктогу «Ай Кью» мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери бир нече күндөн бери президент Садыр Жапаровго, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдоп, аттестат маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.
14-июлда Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйын куруп, “Ай Кью” мектеби боюнча маалымат берген. Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мектеп лицензиясы жок болгонуна карабастан 84 окуучуну сырттан окутканын билдирген.
Ашимбаева аталган 84 окуучунун мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк берилерин кошумчалган.
Бирок ата-энелер менен окуучулар буга макул эмес.
Бүгүн, 25-июлда Билим берүү министрлиги маалымат жыйын куруп, бул маселенин айланасында түшүндүрмө берүүдө.