Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин адвокаттары тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.
«Кылмыш иши 3-мартта башталган. Ошол эле күнү экспертизанын жыйынтыгы да чыгып жатат. Бир эле күндө жетишип, экспертизанын жыйынтыгын чыгара калуу мүмкүн эмес» — деди адвокат Акмат Алагушев.
Атайын кызмат быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган. 29-июнда аталган каналдын директору Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасы дагы узартылып, 3-августка чейин камакта калтырылган.