Бүгүн адвокат Самат Матцаков күч органдары тарабынан кармалган. Ага алдамчылык боюнча айып коюлуп жатканы да айтылган.
«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова С. Матцаковдун сотуна катышууга адвокаттарды киргизбей жатканын социалдык тармактарга жазды.
Кармалган адвокаттын сотуна катышууга кырктан ашуун адвокат чогулган.
Бардык адвокаттарды батыруу үчүн башка зал алмашып, барган бардык адамдар киргени боюнча маалымат берилди.
Бүгүн кеч болсо да, С. Матцаковго карата санкция аныкталары белгилүү болду.