• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Түз эфир: Оппозиция тегерек столго чогулду

6 Тогуздун айы 2022 10:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Бириккен Демократиялык кыймыл акыркы саясий окуяларды талдап, «Улуттук коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү камсыз кылуудагы мамлекеттик саясат» деген аталышта жыйынга чогулду.

Аталган кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Оппозициялык кыймылда саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер бар.

Количество просмотров: 491