• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түз эфир: Парламент кезектеги жыйынга чогулду

17 Бирдин айы 2022 10:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 199 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

3. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-13654/21, 01.10.2021-ж.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

4. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-13655/21, 01.10.2021-ж.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

5. “Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет).

Количество просмотров: 113