• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түз эфир: Парламент жыйынга чогулду

19 Чын куран 2023 10:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду.

Төмөндө парламент жыйналышынын күн тартиби:

1. “2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.01.2023-ж. кир.№ 6-638/23) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

2. “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 29.12.2022-ж. кир.№ 6-26173/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

3. “2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 01.02.2023-ж. кир.№ 6-1510/23) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

4. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти, 16.12.2022-ж. кир. № 6-25167/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

5. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.09.2022-ж. кир.№ 6-19218/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

6. “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 22.06.2022-ж. кир.№ 6-3368/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.06.2022-ж. кир.№ 6-12772/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Почта байланышы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 06.02.23-ж. кир. № 6-1725/23) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет

9. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

10. “2022-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) жылдык баяндамасы (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

11. Кыргыз Республикасынын Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун 2022-жылы үчүн жылдык баяндамасы (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

Количество просмотров: 52