• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Түз эфир: Парламент жыйынга чогулду

17 Жалган куран 2022 10:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттун бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 24.09.21деги кир.№ 6-13206/21) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет)  (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.12.21деги № 293 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 10.11.21деги кир.№ 6-15730) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 12992/21, 21.09.21) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет);

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, Салык кодексине, “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI чакырылышынын депутаттары Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Исмаилова А.Ж., Бекешев Д.Д., Строкова Е.Г., Арапбаев А.А., Примов У.Б., Каримов Н.Т., Джураев С.М., Кулбараков А.И., Бакиров О.М., Эгембердиев М.Б., Маннанов И.А., Керезбеков К.К.) (Социалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);

7. “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-7794/21, 04.06.2021) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

8. “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын ѳткѳрүү жѳнүндѳ” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (токтом долбоорунун демилгечиси – “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясы) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет).

Количество просмотров: 51