• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Түз эфир: Парламент жыйынга чогулду

1 Кулжа 2022 10:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтуп жатат. 

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 16.03.21деги № 96 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

2. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.12.20дагы № 616 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 22.11.17деги № 765 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-7794/21, 04.06.2021) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

5. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 27.01.20дагы № 35 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

6. “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 436 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

7. “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – VI чакырылышынын депутаттары) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);

8. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – VI чакырылышынын депутаттары) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

9. “Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.03.22деги № 132 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

10. “2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 04.03.22деги № 110 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.03.22деги № 133 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

12. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти, 01.03.22деги кир. № 6-3230/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

13. “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти, 01.03.22деги кир.№ 6-3233/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет).

Количество просмотров: 95