• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Парламент жыйынга чогулду

27 Тогуздун айы 2022 10:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Күн тартибинин долбоору (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2022-жылдын ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;

2. Ар кандай маселелер;

3. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Айдарбеков Ч.А., Төлөнөв Д.Э., Алимжанов Ф.А., Атажанов Ы.Ы., Түмөнбаев А.Т., Акаев Ж.К., Примов У.Б., Султанбекова Ч.А., Жакышов Р.Ш., Атазов Ш.К., Ташиев Ш.К., Таалайбек кызы Ж., Култаева Г.О., Шакиев Н.Т., Маткеримов А.Т., Түлөбаев Б.З., Осмонов А.Ж., Садырбаева Ж.Э., Сулайманов Э.Н., Ажибаев Ч.И., Бакасов У.Б., Эрбаев А.Т.) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.05.22деги кир. № 6-8865/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 19.04.22деги, кир. № 6-7189/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.05.22деги кир. № 6-8706/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Маматалиев М.А., 29.09.22деги кир. № 6-19318/22.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. “Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер –VI чакырылыштын депутаттары Турусбеков Б.С., Джумабеков Д.А.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);

9. “Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер –VI чакырылыштын депутаттары Турусбеков Б.С., Джумабеков Д.А.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);

10. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Количество просмотров: 55