• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Түз эфир: Парламенттин жыйыны

16 Кулжа 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Кенжебаев А.Б., Самыйкожо М., Бакасов У.Б.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет караган) (уландысы);

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.03.22деги № 133 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган);

4. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.03.22деги № 130 токтом жана депутат Ормонов У.З.) (Социалдык саясат боюнча комитет караган);

5. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-9084/22, 14.05.2022) (Социалдык саясат боюнча комитет караган);

6. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-6537/22, 12.04.2022) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-13735/21, 04.10.21) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет караган);

8. “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Маматалиев М.А.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган);

9. “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Маматалиев М.А.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган);

10. Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирлиги федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө (демилгечилер – “Ынтымак” жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциялары);

11. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

12. “Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

13. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

14. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4932-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык саясат боюнча комитет караган);

15. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4933-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык саясат боюнча комитет караган);

16. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Yйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4934-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык саясат боюнча комитет караган);

17. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык саясат боюнча комитет караган);

18. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет).

Количество просмотров: 261