Референдумдун өтүүсүнө көз салган эл аралык байкоочулар маалымат берүүдө.
Эске салсак, 11-апрелдеги референдумдун баштапкы жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 79 пайыздан ашууну Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдоду. Бүткүл элдик добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 37,4% гана катышты.