“Мекенчил” партиясынын кеңсесинде Садыр Жапаров чукул маалымат жыйын берип жаткан чагы.
Учурда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялар бириндеп, топ-топко бөлүнүп ар бири бирден башчы көтөрүп жаткан чагы.
Бүгүн, 7-октябрда «Ала-Тоо» аянтында болуп жаткан митингдин катышуучулары альтернативдүү өкмөт башчы катары “Ата-Мекен” саясий партиясынан талапкер Тилек Токтогазиевди көрсөтүшүүдө.
Ал эми 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушкан. «Достук» мейманканасында чогулган бир нече депутат катышкан жыйынга VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.
Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.
Ал арада “Мекен Ынтымагы”, “Чоң Казат”, “Ыйман Нуру”, “Ордо” жана “Реформа” партиялары түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүүсүнө каршы. Алар Тилек Токтогазиевдин да талапкерлигине каршы, алардын пикиринде баардык партиялардын өкүлдөрү чогулуп, бир чечимге келүүлөрү зарыл.