• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Семетей Талас уулу сурактан чыкты

18 Бирдин айы 2022 14:14 Бишкек Govori.TV

Журналист Семетей Талас уулу бүгүн 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) 1 сааттан ашык сурак берип чыкты. Сурактан чыккандан кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп берди.

“Фейсбуктагы баракчама бир билдирүү бөлүшкөм. Ошонун негизинде күбө катары суракка чакырылдым. Эч кандай корко турган нерсе жок, саясий буюртма жок деп ойлойм. Постуңа бийликти сындап жазат экенсиңер дегендей пикирлер айтылган жок. Мыйзам чегинде иш кылышты»,-деди ал.

Бүгүн, 18-февралда Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн күч кызматкерлери алып кетишкен.

Ал эми бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымат берип, Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жараны С.Т (Семетей Талас уулу) алынып келинген. Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 170