• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түз эфир: Шаардык сот Ырыс Жекшеналиевдин ишин карап жатат

26 Тогуздун айы 202215:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-октябрда Жекшеналиевди 14-декабрга чейин абакта калтырган. Ал эми блогердин жактоочусу чечимге каршы шаардык сотко арыз менен кайрылган.

«Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 232