Бүгүн, 14-июнда Чүй облусундагы Сокулук, Аламүдүн районунун тургундары сугат суунун тартыштыгына байланыштуу өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Акцияга Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышановский айыл өкмөттөрүнүн 50дөн ашуун дыйканы чогулган.
Алар суу тартыштыгынан улам дыйкандардын түшүмдөрү күйүп жатканын айтып, нааразы болушту. Дыйкандар менен президенттин администрациясынын Агро өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алымкул Кулуев жолукту.
“Биз жаралган маселени көзөмөлдөйбүз, сууну ченеп беришет. Керек болсо күмөн болбошу үчүн силер да адамдарыңарды кошуп бергиле. Азыр жеринен кырдаал менен таанышып, сууну бөлүштүрөбүз ”, — деди Кулуев.