• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Түз эфир: Тууну өзгөртүүгө каршы акция өтүп жатат

9 Бештин айы 2023 11:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги сүрөттүн элементтерин алмаштырууга каршы акция өтүп жатат.

Чогулгандар колдоруна желектерди кармап алып, нааразы пикирлерин айтып жатышат.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Социалдык тармактын колдонуучулары да буга чейин мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүшкөн болчу.

Белгилей кетсек, тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылып, андан кийин кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылган.

Количество просмотров: 124