• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түз эфир: ЖК Бишкек ЖЭБи боюнча маалымат угууда

14 Бирдин айы 2019 9:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV.

14.02.19 Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны. Түз эфир

Опубликовано ОсОО "Медиа Холдинг "Пирамида" Среда, 13 февраля 2019 г.

Жогорку Кеңеште Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария жана анын кесепеттерин жоюу, оңдоп-түзөөгө кеткен 386 млн. доллар каражатты териштирүү боюнча маалымат угулууда.

Эске салсак, Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2018-жылдын январында болгон авария жана оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын депутаттык комиссия иликтеген. Анда “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзүлгөн.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы каржы министри Ольга Лаврова жана башкалар бар.

Комиссиянын төрагасы Улан Примов Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбай калганын айткан. Натайжада ЖЭБге байланыштуу төрт кылмыш иши козголуп, өкмөт башчылар баш болгон 15тей аткаминер, кызматкер камалган.

Количество просмотров: 6