«Таза Шайлоо» юридикалык жактардын ассоциациясы 2021-жылдын 28-ноябрына пландаштырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө катышаарын билдирет.
«Таза Шайлоо» юридикалык жактардын ассоциациясы — 2008-жылдан бери иштеп келе жаткан Кыргыз Республикасындагы 18 көз карандысыз уюмдарды бириктирген мүчө уюм.
Уюмдун миссиясы — адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу, саясий жактан туруктуу укуктук мамлекет катары Кыргыз Республикасынын динамикалык енугушу, демократиялык институттарды енуктуруу, демократиялык реформаларды алга жылдыруу.