Бүгүн, 22-июнда парламентте Кыргызстандын аймактарында казино ачууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон министрлер келди.
Эске салсак, өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам бул долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкуунун түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.
Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.