• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду

19 Тогуздун айы 2022 10:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду.

Күн тартибинин долбоору (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Бакасов У.Б., Таалайбек кызы Ж., Темирбаева М.О., Жакышов Р.Ш., Маткеримов А.Т., Султанбекова Ч.А.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

2. “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 24.05.2022деги кир.№ 6-10057/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 15.06.2022деги кир.№ 6-12550/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.07.2022деги кир. № 6-15622/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.08.2022деги кир.№ 6-16889/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

6. “2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16541/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу ” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.2022деги кир.№ 6-16814/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. “Кыргыз Республикасынын коргонуу жѳндѳмүн камсыз кылуу чѳйрѳсүндѳгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

9. “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16753/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

10. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Маматалиев М.А.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

11. “Дене тарбия жана спорт маселелери жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Бакасов У.Б., Атазов Ш.К., Түмөнбаев А.Т., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет).

Количество просмотров: 139