• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду

26 Үчтүн айы 2022 10:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2022-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү;

2. “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;

3. “2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун (Корумду–Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет;

4. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Эшимов Акылбек Жусуповичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Количество просмотров: 50