Бүгүн, 24‐февралда Жогорку Кеңеш кезектеги отурумга чогулду.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. 2022-жылдын мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;
2. Ар кандай маселелер;
3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 24.09.21деги кир.№ 6-13206/21) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
4. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.12.21деги № 293 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
5. “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 10.11.21деги кир.№ 6-15730) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
6. “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 28.08.18деги № 404 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет; Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет; Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);
7. “Контрчалгындоо иши жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 09.12.19дагы № 671 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
8. “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 26.08.19дагы № 427 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
9. “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 25.12.19дагы № 705 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
10. “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 22.09.20дагы № 497 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);
11. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири (Социалдык саясат боюнча комитет);
12. “Кыргыз Республикасынын Yйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири (Социалдык саясат боюнча комитет);
13. “Кыргыз Республикасынын балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири (Социалдык саясат боюнча комитет);
14. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири (Социалдык саясат боюнча комитет).