• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду

30 Жалган куран 2022 10:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңеш кезектеги жыйынга чогулду.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2022-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;

2. “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы, 10.12.21 № 303 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 28.01.22деги № 37 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 07.02.22деги № 63 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.12.20дагы № 616 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

6. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 05.10.20дагы № 516 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

7. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет).

Количество просмотров: 76