• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду

18 Бугу 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.03.22деги № 158 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 54-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору (депутат Атазов Ш. жөнүндө) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет).

Количество просмотров: 62