• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны

16 Жалган куран 2022 10:10 Бишкек Govori.TV

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна менен Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ант берүүсү;

2. “2021-жылдын 17-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы купуя маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө 2014-жылдын 12-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 11.01.22деги № 2 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

3. “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Жашыл шаарлар 2, Терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Жашыл шаарлар 2, Терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 28.01.22деги № 39 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 04.02.22деги № 49 токтом) (Социалдык саясат боюнча комитет);

5. “2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 11.02.22деги № 68 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

6. “2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.01.22деги № 40 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

7. “2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 07.02.22деги № 64 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. “2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 28.01.22деги № 31 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет).

Количество просмотров: 53